Ысык-Көлдө бир сутканын ичинде баңги зат саткан эки киши кармалды

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүНашаа. Архив
Нашаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Ысык-Көл аймагында үч облустун баңги затын сатууга каршы күрөшүү кызматтары бир сутканын ичинде  эки жаранды кармады. Алар "Транзит" операциясынын алкагында колго түшкөнүн облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

"25-октябрда Баңги зат сатууга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү менен Түп райондук милициясынын кызматкерлери Ичке-Суу айылынан 44 жаштагы жергиликтүү жашоочуну кармашкан. Анын жанында он ширеңкенин кутусуна салынган 600 грамм нашаа табышкан", — деп айтылат маалыматта.

Баңгизат. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК: баңгизат ташылган эл аралык каналдын жолу буулду
Ушул эле күнү ыкчам маалыматттардын негизинде Балыкчы — Ананьево — Каракол жолундагы Кудургу айылынын жанынан Mercedes-Benz автоунаасы токтотулган. Жүргүнчүлөрдү тинтүү учурунда Ош шаарынын 41 жаштагы жашоочусунун жанынан түрдүү формадагы 60 грамм нашаа алынган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0