УКМК Кадамжайда көмүлгөн унаа боюнча маалымат таратты

© Фото / пресс-служба ГКНБПоиск закопанной машины сотрудниками ГКНБ в Баткене
Поиск закопанной машины сотрудниками ГКНБ в Баткене - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмыштуу топ мындан бир эле кишинин 1 миллион 300 миң сомун карактап кеткен.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районунда казып алынган унаа 2015-жылы болгон кылмыш ишине тиешелүү. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин милициядагы жеке булак Үч-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Боз айылына жакын аймактан жерге төрт жыл мурун жашырылган унаа казып алынганын маалымдаган. 

© Фото / пресс-служба ГКНББаткен облусунун Кадамжай районунда казып алынган унаа 2015-жылы болгон кылмыш ишине тиешелүү.
Баткен облусунун Кадамжай районунда казып алынган унаа 2015-жылы болгон кылмыш ишине тиешелүү. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Баткен облусунун Кадамжай районунда казып алынган унаа 2015-жылы болгон кылмыш ишине тиешелүү.
© Фото / пресс-служба ГКНБЭскерте кетсек, буга чейин милициядагы жеке булак Үч-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Боз айылына жакын аймактан жерге төрт жыл мурун жашырылган унаа казып алынганын маалымдаган.
Эскерте кетсек, буга чейин милициядагы жеке булак Үч-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Боз айылына жакын аймактан жерге төрт жыл мурун жашырылган унаа казып алынганын маалымдаган. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Эскерте кетсек, буга чейин милициядагы жеке булак Үч-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Боз айылына жакын аймактан жерге төрт жыл мурун жашырылган унаа казып алынганын маалымдаган.
1/2
Баткен облусунун Кадамжай районунда казып алынган унаа 2015-жылы болгон кылмыш ишине тиешелүү.
2/2
Эскерте кетсек, буга чейин милициядагы жеке булак Үч-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Боз айылына жакын аймактан жерге төрт жыл мурун жашырылган унаа казып алынганын маалымдаган.

УКМКнын тараткан билдирүүсүндө эл аралык террордук топтун жасаган кылмыш ишинин бети ачылды. Ага ылайык, Ирак жана Сириядагы согуштук аракеттерге катышкан эл аралык террордук уюмду каржылоо максатында Кыргызстандагы колунда бар адамдарды курал пайдалануу менен тоноп келген (ганимат) топтун мүчөлөрү аныкталган. 

© Фото / пресс-служба ГКНБПоиск закопанной машины сотрудниками ГКНБ в Баткене
Поиск закопанной машины сотрудниками ГКНБ в Баткене - Sputnik Кыргызстан
Поиск закопанной машины сотрудниками ГКНБ в Баткене

Маалыматка ылайык, аталган топ 2015-жылы контрабандалык жол менен Кыргызстандын аймагына алып келген Ош тургунунун 1 миллион 300 миң сомун карактап кетишкен. Кылмыш иши козголуп, УКМК менен ИИМ биргелешип иликтөө жүргүзгөн.

Унаанын табылышы менен аталган кылмыш ишин тергөө жанданганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0