Суусамырда жолтандабас менен жүк ташуучу унаа кагышып, эки адам мүрт кетти

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаа. Архив
Жолдогу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ куткаруучулары маркумдардын сөөгүн унаадан алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Шаршембиге караган түнү Бишкек — Ош унаа жолунда жүк ташуучу унаа менен жолтандабас сүзүшүп, эки адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Кырсык Суусамыр жайлоосунун аймагында саат 2.40тар чамасында болгон.

"Toyota Land Cruiser менен Фура кагышып, анын кесепетинен жолтандабастын айдоочусу менен жүргүнчүсү каза тапты", — деп айтылат билдирүүдө.

ӨКМ куткаруучулары маркумдардын сөөгүн унаадан алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0