УКМК Whatsapp аркылуу чагымчыл видеолорду тараткан кишини кармады

Жазылуу
УКМК улуттар аралык кастыкты козуткандарга оор жаза каралганын эскертти.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Whatsapp каналы аркылуу чагымчыл видеолорду тараткан 29 жаштагы жаранды колго түшүрдү. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, колго түшкөн киши мессенджерге 100дөн ашык адам кошулган топ түзүп, улуттар аралык кастыкты козуткан видео роликтерди жүктөп турган.

"Ал 2010-жылы тартылган видео роликтерди жарыялап келген. Тасмадан өзбек улутундагы адамдар кыргыздарды сабап жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле кыргыздар өзбек улутундагы адамдардан 2010-жылдагы окуяларга кечирим суроону талап кылып ур-токмокко алып жаткан видеону да жүктөгөн", — деп айтылат маалыматта.

Кармалган киши күнөөсүн моюндап, кылган иши үчүн өкүнүп жатканын билдирген.

Бул иш боюнча материалдар УКМКнын тергөө органдарына жөнөтүлдү.

Погранзастава Западная в акватории Калининградского залива - Sputnik Кыргызстан
УКМК Кыргызстанда халифат түзүүнү каалаган эки кишини кармады
Иш Кылмыш жаза кодексинин 299-беренеси (Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу) боюнча каралышы мүмкүн.

Бул берененин биринчи бөлүмүнө ылайык, улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга, улуттук ар-намысты басмырлоого багытталган аракеттер, ошого тете жарандардын динге карата мамилесинин, улуттук (этностук) же расалык белгилери боюнча өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын же болбосо начардыгын пропагандалоо, эгерде бул жосундар ачык же массалык маалымат каражаттарын, ошондой эле Интернет тармагын пайдалануу аркылуу жасалса төрт жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0