Зулпукаров: депутат Каримов үй-бүлөсү менен Бишкекке келе жатып кырсыктаган

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутат Нодирбек Каримов. Архив
ЖК депутат Нодирбек Каримов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттын жубайы менен кайын энеси автокырсыктан кийин Токтогул райондук ооруканасына жаткырылган.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. ЖК депутат Нодирбек Каримов Өзгөн районунан чыгып, Бишкекке үй-бүлөсү менен келе жатканда Ош-Бишкек жолунда кечке жуук кырсыктаган. Бул туурасында кесиптеши, КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров Sputnik Кыргызстан агенттигини кабарчысына айтты. 

Буга чейин ЖК депутат Каримов автокырсыкка кабылып, энеси ошол жерден каза болгондугу кабарланган.

ЖК депутаты Төрөбай Зулпукаров окуя саат 18:00 чамасында болгондугун тактагандыгын айтты. 

"Нодирбек Каримов автокырсыктан жеңил жаракат алыптыр. Учурда энесинин сөөгүн кичи мекени Өзгөнгө алып кетип бара жаткандыгын тактадым. Каримовдун жабырланган жубайы жана кайненеси кырсыктаган аймактагы — Токтогул райондук ооруканага жайгаштырылгандыгын айтышты", — деди Зулпукаров.

Ал окуя Ош-Бишкек жолунун 205-чакырымында болгондугун кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0