Бишкекте 3 чакырымга чуркаган аскер эсин жоготуп, ооруканага жетпей көз жумду

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүАскер кызматкерлеринин чуркоо сынагы. Архивдик сүрөт
Аскер кызматкерлеринин чуркоо сынагы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аскердин өлүмүнүн себептери такталууда.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Бишкекте Абадан коргонуу күчтөрүнүн 23565-бөлүгүнүн прапорщиги каза тапты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

ӨКМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сокулукта үй өрттөнүп, эки аял каза болду
Билдирмеге караганда, 30 жаштагы прапорщик дене тарбия боюнча зачет тапшырып жатып (үч чакырымга чуркоо) кулап, эс учун жоготуп койгон.

Ага биринчи жардам көрсөтүлгөн. Бирок ооруканага бараткан жолдо эсине келбей көз жумган.

Аталган факты боюнча кызматтык иликтөө дайындалып, аскердин өлүмүнүн себеби такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0