Сокулукта үй өрттөнүп, эки аял каза болду

Жазылуу
Кырсыктын эмнеден келип чыкканы такталып жатат.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында турак үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен эки аял каза болгонун ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 17-октябрь күнү болгон. Маркумдардын бири 73, экинчиси 42 жашта экени айтылды.

Ушу тапта өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0