19:31 19 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8488
  • EUR77.2458
  • RUB1.0877
Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча экинчи сот жыйыны

Бурулайдын өлүмү. Инспектор ошол ирмем тууралуу айтып берди

© Sputnik / Нурис Алымбаев
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Милиция бөлүмүндө бычакталган Бурулай (37)
228610

Кылмыш иши боюнча күбө катары 32 киши өтүүдө. Биринчи болуп Бурулай жана аны ала качып бараткандар отурган унааны токтоткон автоинспектор көрсөтмө берди.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча экинчи сот жыйыны Бишкектин Свердлов райондук сотунда башталды.

Кызды өлтүргөн деп Марс Бөдөшев жана ала качууга катышкан деп Ахмат Сейитов айыпталып жатышат.

Күбө катары 32 киши чакырылган. Биринчи болуп Бурулай жана аны ала качып бараткандар отурган унааны токтоткон автоинспектор көрсөтмө берди.

"Бурулай отурган машинаны токтоткондон кийин Марс менен Ахматты Жайыл райондук милициясына алып бардым. Документтерди толтуруп жатканда жакындарына чалсын деп телефонумду Бурулайга бергем. Бир аздан кийин ызы-чуу чыгып калды, Бурулай отурган бөлмөгө чуркадым. Көрсө Марс ал жакка кирип, ичинен илип алган экен", — деди ал.

Инспектордун айтымында, РИИБ кызматкерлеринин бири каалганы такылдатып, эшикти ачууну талап кылып жатты. Андан кийин сынган айнектин үнү угулду. Кимдир-бирөө эшикти талкалап, бөлмөгө киришкенден кийин канга боелуп жаткан Бурулай менен Марсты көрүшкөн.

Күбө тез жардам чакырганын, бирок аларды күтпөй эле Бурулайды өзү ооруканага жеткиргенин кошумчалады.

Эске салсак, 28-майдын түнүндө 30 жаштагы киши Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө ала качып алган кызын бычактап, кийин өзүнө да кол салган. Кыз алган жараатынан улам каза болуп, эркек киши ооруканага түшкөн.

Окуядан кийин Чүй милициясынын жетекчиси жумуштан айдалып, укук коргоо органдарынын башка кызматкерлерине дисциплинардык чара көрүлгөн.

Тема:
Милиция бөлүмүндө бычакталган Бурулай (37)

Тема боюнча

Бурулайдын өлүмү боюнча сот иши башталды. Сүрөттөр
Бурулайды ала качкан кишинин атасы көз жумду
Шаңдуу бийлеп, бөбөктөрү менен ойногон Бурулайдын видеодо калган элеси
Белгилер:
кыз ала качуу, кылмыш, Бурулай Турдали кызы

ЭҢ МААНИЛҮҮ