Новопавловка: үйлөрдүн биринен 70 миң доллар сейфи менен кошо уурдалды

© AFP / S. AXIOTISАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгисиз бирөөлөр 150 килограммдык сейфти терезеден чыгарып кеткен.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылында уурулар 70 миң доллар салынган сейфти үйдөн чыгарып кетишкен. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан маалымдашты.

Билдирмеге караганда, 12-сентябрь күнү саат 14.00дө Сокулук райондук милициясына Новопавлокадагы үйлөрдүн бири тонолгону боюнча билдирүү келип түшкөн. Жерине барганда турак жайдан сейф жоголгону белгилүү болгон.

"Түшкү саат 12.00дөн 13.30га чейинки аралыкта кылмышкерлер үйдүн терезесин талкалап кирип 70 миң доллар салынган сейфти арабанын жардамы менен унаага жүктөп качып кетишкен. Сейфте акчадан сырткары, алтын зер буюмдар, Швейцария сааттары жана бир нече фирманын документтери болгон. Алдын ала маалымат боюнча сейфтин салмагы 150 килограммды түзгөн", — деп айтылат маалыматта.

Москвада мекендештерин сабап, тоногон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды - Sputnik Кыргызстан
Мекендештерин сабап, тоноп жүрүшкөн. Москвада кыргызстандыктар кармалды
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголуп, экспертиза дайындалган.

Натыйжада Чүй облустук ички иштер башкармалыгы менен Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн  Криминалдык милициясы буга чейин бир нече жолу соттолгон 27 жаштагы Щ.А. аттуу жаранды шектүү катары кармады. Алдын ала маалымат боюнча уурулукка үч адам катышкан. Алардын экөө ким экени такталып, учурда изделүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0