БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Кыргызстанда шейшемби күнү эки киши өрттөн каза болгонун ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Биринчи өрт Бишкек шаарынын Интергельпо көчөсүндөгү "АБК-Берекет" ишканасынын имаратында чыккан. Кароолчунун эс алуу бөлмөсү күйүп, ичиндеги 55 жаштагы жаштагы жаран түтүнгө ууланып каза болгон. Өрттүн чыгуусуна электр жабдууларын куроодо эрежелердин бузулушу себеп болгону айтылууда.
Ал эми 56 жаштагы жарандын өмүрүн алган экинчи өрт Сүлүктү шаарында катталды. Анда турак үй күйдү. Тилсиз жоонун себептери такталууда.