Чолпон-Ата: 9 жашар баланын өлүмү. Милиция мыкаачыны издеп жатат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүЧасть жилмассива "Энесай" заблокирована милицией, идет проверка домов
Часть жилмассива Энесай заблокирована милицией, идет проверка домов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмыштын бетин ачуу иштери облустук милициянын жеке көзөмөлүндө тургандыгы айтылды.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Чолпон-Атанын чет жакасынан сөөгү табылган 9 жашар баланы өлтүргөндөрдү Ысык-Көл облустук милициясы түп көтөрүлө издеп жатат. Бул туурасында аталган дубандын милициясынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Буга чейин маркумдун ата-энеси милиция кыймылдабай, кылмышкерди издебей жатат деген кине койгондугун бир катар ЖМКлар жазган.

Баланын сөөгүн 1-октябрда Чолпон-Атанын чет жагынан табышкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, аны муунтуп өлтүрүшкөн. Кайгылуу окуя боюнча кылмыш иши козголгон

"Кээ бир басылмалардагы милиция баланын өлтүргөндөрдү издебей жатат деген маалыматтар чындыкка жатпайт. Иш боюнча тиешелүү экспертиза дайындалган. Кылмыштын бетин ачуу үчүн ыкчам тергөө тобу түзүлдү. Иш Ысык-Көл облустук милициясынын жетекчисинин жеке көзөмөлүндө турат", — деди Усубакунов.

Ал мындан сырткары баланын энеси милиция издеп жаткандыгын күн сайын өз көзү менен көрүп жатат деп кошумчалады.

Усубакунов өлүм боюнча бир канча версиялар айтылып жаткандыгын, бирок алар тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азырынча коомчулукка айтылбай тургандыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0