Москвада кыргызстандыктар мушташып, 19 жаштагы бала бычак жеп каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи поножовщины в Кыргызстане
Случаи поножовщины в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түндө бычакталган жигит ооруканага жеткирилип, эртең менен үзүлгөн.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Москвада кыргызстандык балдар мушташып 19 жаштагы жигитти бычактап коюшкан. Бул туурасында Москвадагы кыргыз диаспорасынын "Кыргыз биримдиги" коомунун вице-президенти Улан Кошматов билдирди.

Анын айтымында, окуя 14-октябрга караган түнү саат 12лер чамасында болгон. Бычакталган жигит ооруканага жеткирилип, бирок эртең мененки саат 7.30дар чамасында жан берген.

"Маркум Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда туулган. Учурда анын сөөгүн мекенге жөнөтүү иштери менен алектенип жатабыз. Тергөө бүтсө анан алып кетүүгө уруксат берилет", — деди Кошматов.

Аталган фактыны Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы тастыктады.

Ага ылайык, Кузьминка метросундагы "Макдональдс" тез татымынын имаратында кыргызстандык балдар тобу менен жаңжалдаша кеткен. Ал эми мекендешине бычак урууга шектелген баланы полиция кармаганы айтылат. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0