Бишкекте 17 жаштагы студент кызды өз төшөгүндө өлтүрдү деп туугандары кармалды

Жазылуу
Кыз атасынын бир тууганынын үйүндө жашап, шаардагы лицейлердин биринде окуган.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Бишкектин Жеңиш конушундагы үйлөрдүн биринен 17 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Ал Нарын облусунун тургуну болгон. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Ага ылайык, сөөктүн табылганы боюнча маалымат 15-октябрда эртең менен саат 7:30да келип түшкөн.

"Кыз атасынын бир тууганынын үйүндө жашап, шаардагы лицейлердин биринде окуган. Анын сөөгү өз төшөгүнөн табылган", — деп булак билдирди.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда өз короосунан чыккан өрттөн күйүп каза болду делген Кожоран Мамарасулов киши колдуу болгон - Sputnik Кыргызстан
Жардан түртүп, сарайдан өрттөп жиберишкен. Жалал-Абаддагы чуулуу окуя
Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы кыз сабалып жана муунтулуп өлтүрүлгөнүн көрсөткөн. Кылмышка шектүү катары 21 жаштагы Т. уулу Д. менен 20 жаштагы Т. уулу М. кармалды. Каза болгон кыз менен кармалгандар тууган болгон. 21 жаштага бала жасагандарын моюндаган.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси "Адам өлтүрүү" боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0