Киши көмүлгөн деген мүрзөдө сөөк жок болуп чыкты. Көрүстөндөгү алдамчылык

© Sputnik / Саид ЦарнаевМүрзө. Архив
Мүрзө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көрүстөндүн аймагындагы эл баса турган жол сатылып, жасалма мүрзө салынган

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Бишкек шаарына тиешелүү Түштүк-Батыш көрүстөнүндөгү жолдор, жол чекелери, жерди сугарган система жаткырылган аймактар киши көмүү үчүн мыйзамсыз берилип кеткен. Бул туурасында Башкы прокруратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мындан улам " Бишкектеги аза кызматын көрсөткөн агенттиги" муниципалдык ишканасынын жетекчилерине Кылмыш кодексинин бир нече беренелери менен иш козголду. Прокуратура алар "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" (304), "Алдамчылык" (166) жана "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу" (171) беренелери экендигин кабарлады.

"Аталган көрүстөндө инженердик коммуникация — жолдор, жол чекелери, жерди сугарган система жаткырылган аймактар киши көмүү үчүн мыйзамсыз берилип кеткен. Киши көмүлгөн деген жерлерди текшере келгенде, сөөк жок бош болуп чыккан", — деп айтылат маалыматта.

Көрүстөн. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өлгөнгө шарт, көмгөнгө жер жок! Көбөйүп бараткан көрүстөндөр көйгөйү
Мындан сырткары, алардын маркумдардан акча жасагандыгы да аныкталган.

"Аталган ишкананын кээ бир кызматкерлери жарандарды жер берем деп алдап, алардын ишенимине кирип, акча алышкан. Мындай жол менен алар жарандардын укугун жана мыйзамды бузган", — деп айтылат маалыматта.

Иш тергөө органдарына жиберилгендиги белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0