Кыргызстандын дагы бир учагы Москвада уча албай турат. Окуянын жоо-жайы

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүАэропорты Москвы и Московской области
Аэропорты Москвы и Московской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Компаниядан учакты бүгүн оңдоп бүтүп, жүргүнчүлөрдү Кыргызстанга алып келүү пландалып жатканын айтышты.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Москва шаарында кыргызстандык "Эйр Манас" компаниясынын Boeing 737-800 учагы бузулуп калды. Авиакомпаниянын жетекчиси Талгат Нурбаевдин айтымында, окуя "Домодедово" аба майданында 12-октябрдан 13үнө караган түнү болгон.

Учак кезектеги каттамды аткаруу үчүн учуп чыга албай койгон.

"Моторду иштете баштаганда индикатор тетиктердин бири бузулуп калгандыгы тууралуу белги берген. Ошол учурда учкуч аны алмаштыруу чечимин кабыл алган. Биз ал тетикти дароо эле Европадан алдырууга аракет кылдык. Бирок логистика жана бажы маселелерине байланыштуу көйгөйлөр чыгып калды. Бүгүн эртең менен тетикти Бишкектен жөнөткөнбүз, азыр ал Москвада", — деди Нурбаев.

Ал кошумчалагандай, 150 жүргүнчүнүн бардыгы аэропорттун тегерегиндеги мейманканаларга жайгаштырылып, ысык тамак менен камсыз болду.

"Учак даяр болору менен жүргүнчүлөрдү алып келебиз. Оңдоо иштери бүгүн эле бүтөт деп пландап жатабыз", — деди жетекчи.

Аба кемесинин асманга көтөрүлө турган убакыт-сааты билине элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0