БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Бишкектин түштүк магистраль менен Нуркамал Жетикашкаева көчөлөрүнүн кесилишинде эл ташыган маршрутка менен жеңил унаа кагышты. Бул тууралуу күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp каналы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, маршрутка катуу соккудан улам оодарылып кеткен.
Бишкек ШИИБдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жол кырсыгы болгонун тастыктады.
"Окуя бүгүн, 12-октябрда, эртең мененки саат 6.30да болду. Toyota Wish үлгүсүндөгү унаа сүзгөн маршрутка капталына оодарылып калды. Кырсыктын кесепетинен эки айдоочу менен эки жүргүнчү жаракат алды", — дешти милициядан.
Чогулган бардык материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. ЖКККБнын билдиришинче, маршрутканын айдоочусу медициналык кароодон өткөндөн кийин жумушка чыкты.