Ош: кызын чынжыр менен тушап койгон кишиге иш козголду

Жазылуу
Кылмыш жаза кодексинин 161-беренеси (Жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) боюнча кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Кызын чынжыр менен бутунан байлап үйдө кармап келген кишиге карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, 5-октябрда Ош шаарындагы эс алуу багынын биринде бутунда чынжыр байланган кыз жүргѳндүгү боюнча милицияга кабар түшкөн. Ал жерге ыкчам-тергөө тобу барып, тогуз жаштагы кыздын бутунда кулпу менен бекитилген чынжыр бар экендигин аныкташкан.

"Тергѳѳдө маалым болгондой, кыз тушалган боюнча сыртка чыгып кеткен. Бир бутундагы чынжыр болт менен бекитилгендиктен аны оңой эле чыгарып алган. Ал эми экинчи бутундагы чынжыр кулпулангандыктан чыгара албай жүргѳн", — деп жазылат маалыматта.

Окуянын чоо-жайын тактоо маалында аны атасы көчөгө чыкпасын деп чынжыр менен коркутуп коюу максатында тушап салганы белгилүү болгон.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 161-беренеси (Жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергѳѳ иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0