Чүчкүрөм деп кызды сүзүп алган келин. Кара-Балтадагы жол кырсыгынын чоо-жайы

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүРабота автосалонов в Омске
Работа автосалонов в Омске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуучу кыз дагы, айдоочу дагы ооруканага жеткирилди.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Чүй облусунун Кара-Балта шаарында 32 жаштагы аял Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаа менен 12 жаштагы окуучу кызды койдуруп кетти. Бул тууралуу Чүй милициясынын ЖКККБсынын маалымат катчысы Тимурлан Мирсадык уулу кабарлады.

Анын айтымында, жол кырсыгы бейшембиде саат 12.30дар чамасында болгон.

"Айдоочунун айтымында, Почтовый көчөсү менен түштүктү көздөй кетип бара жатып алдынан окуучу кыздар чыкканын көргөн. Бирок ошол маалда бир нече жолу чүчкүрүп ийип, рулду башкара албай калган. Алгач өспүрүмдөрдүн бирин, андан соң жол жээгиндеги бакты сүзгөн", — деди Мирсадык уулу.

Маалыматка караганда, айдоочу менен окуучу кыз ооруканага жеткирилди. Өспүрүмдүн чекеси айрылып, мээси чайкалса, айдоочу келин төшү менен катуу урунган.

Материалдар тергөө органдарына өткөрүлүп, тиешелүү экспертизалар жасалып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0