Түндө BMW койдуруп кеткен аял каза болду. Айдоочу табыла элек

Жазылуу
Жабырлануучу башынан катуу жаракат алган.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Бишкекте BMW унаасынын айдоочусу болжол менен 50-55 жаштар чамасындагы аялды койдуруп кеткен. Жабырлануучу ооруканага жетпей көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек ЖКККБнын маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, кечээ кечинде Бишкекте Медеров менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз айдоочу жөө адамды койдуруп, кырсык болгон жерден изин суутуп кеткен.

"Аял башынан катуу жараат алыптыр. Медиктер алгачкы жардам көрсөтүп, ооруканага алып бара жатканда көз жумду", — деп милициядан билдиришти.

Укук коргоочулар кошумчалагандай, күбөлөр аялды күңүрт өңдөгү BMW унаасы какканын айтышкан. Учурда аны табуу үчүн "Перехват" планы жарыяланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0