12:58 16 Тогуздун айы 2018
Түз эфир
  • USD69.1798
  • EUR80.0687
  • RUB1.0522
Соттоду айыптолуучу. Архивдик сүрөт

Жалал-Абад: айылдашын автобекетте бычактаган киши 20 жылга кесилди

© Sputnik / Александр Уткин
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Базар-Коргондо бычакталган жигит (5)
176 0 0

Соттолуучу күчөтүлгөн режимдеги колонияда жаза өтөйт.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Базар-Коргон районунун автобекетинен 19 жаштагы баланы бычактап салган жаран 20 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жогорку соттун маалымат кызматынан кабарлашты.

Базар-Коргон райондук соту 24 жаштагы кыргызстандыкты КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) менен күнөөлүү деп тапты. Эми ал күчөтүлгөн режимдеги колонияда жаза өтөп, мүлкү конфискацияланат.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын май айында аталган райондогу автобекетте 24 жаштагы жаран 19 жаштагы айылдашын бычактап өлтүргөн. Ошол эле күндөгү интернетке жаш жигитке таанышы кол салып жаткан ирмемдер тарап кеткен.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы бычакталган бала аялдамадагы орунтук үчүн өлтүрүлгөнүн айтып чыккан.

Тема:
Базар-Коргондо бычакталган жигит (5)

Тема боюнча

Базар-Коргондо 19 жаштагы жигитти бычактап жаткан учур видеого түшүп калган
Базар-Коргондо эл көзүнчө бычакталган жигит боюнча милиция үн катты
Базар-Коргондун 24 жаштагы тургуну айылдашын бычактап салды. Видео
Белгилер:
өкүм, өлүм, жигит, сот, Базар-Коргон, Жалал-Абад
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ