Чүй облусунда үч туугандын машинасы табылып, өздөрү изделүүдө. Сүрөт

Жазылуу
Алар үйүнөн Mercedes-Benz W210 үлгүсүндөгү автоунаа менен 17-сентябрда чыгып кетишкен.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кырман конушунда үч өспүрүм — туугандар жоголду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жоголуп кеткен 18 жаштагы Султанов Ырысбек Максуталиевич менен 19 жаштагы Максуталы кызы Альбина бир тууган болсо, 17 жаштагы Канат кызы Алина алардын жакын тууганы болот.

"Алар 17-сентябрда Mercedes-Benz W210 үлгүсүндөгү автоунаа менен үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Машина Бишкектеги Келечек конушунан табылып, өспүрүмдөр изделүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Өзгөчө белгилери:

Султанов Ырысбек Максуталиевич — бою 160-162 сантиметр, арыкчырай, чачы кара, кой көз;

Максуталы кызы Альбина — бою 150-155 сантиметр, арыкчырай, чачы кара, кой көз. Сокур ичегисин алдыргандан кийин ичинде тырык калган.

Канат кызы Алина — бою 150-155 сантиметр, чачы күрөң, көзү күрөң.

Милиция жоголгон өспүрүмдөр тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо Аламүдүн райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө 0312-36-35-27 номери аркылуу, криминалдык милициянын издөө бөлүмүнө 0312-36-35-23 телефону жана 0550-51-09-05, 0704-31-25-05, 0552-90-91-63 же 102 номери аркылуу кабарлап коюуну суранат.

Жаңылыктар түрмөгү
0