05:18 17 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8381
  • EUR78.8821
  • RUB1.0512
Мужчина имитирует вскрытие автомобиля. Архивное фото

Кыргызстандын Киевдеги консулунун автоунаасын уурдап кетишти

© Sputnik / Константин Чалабов
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
215 0 0

Дипломатиялык номер тагылган жаңы жол тандабасты консул үйүнүн жанына токтоткон.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Киевде 10-октябрга караган түнү Кыргызстандын консулунун дипломатиялык номер тагылган кызматтык унаасын уурдап кетишти. Бул тууралуу маалыматты Тышкы иштер министрлиги тастыктады.

Билдирүүгө ылайык, консул дипломатиялык номер тагылган жаңы Toyota Highlander үлгүсүндөгү автоунааны үйүнүн жанына токтоткон. 10-октябрда эртең менен жумушка баруу үчүн короого чыкканда машина ордунда жок болуп чыккан.

Ал эми ишенимдүү булактын ырасташынча машинанын майы жок болгондуктан уурулар май куюучу жайга кирип, видео байкоого түшүп калышы ыктымал. Укук коргоо органдары аймактагы май куюучу жайлардагы видео көзөмөлдөөлөрдү карап жатышат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча аталган фактынын негизинде Украинанын улуттук полициясы "автоунаа уурдоо" беренеси боюнча иш козгоду. Мындан тышкары, Украина ТИМине унааны табууга көмөктөшүү боюнча нота жөнөтүлгөн белгилүү болду.

Тема боюнча

ВГТРКнын Ысык-Көлдө каракталган өкүлдөрү шектүүлөрдү тааныды. Сүрөт
Белгилер:
автоунаа, консул, Киев, Украина
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ