Новопокровкада алабайдын талоонуна калган кыз башынан жаракат алды. Милиция эмне деди

© Sputnik / Табылды КадырбековАлабай породасындагы ит. Архив
Алабай породасындагы ит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иттин ээси коюлган айыптын баарын четке кагууда.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында алабай түрүнө кирген ит топ балага кол салып, аларды коргоп калууга аракет кылган 19 жаштагы кыздын башы жабыркады. Бул тууралуу Facebook социалдык тармагында айтылат.

Билдирүүдө бул ит кошуна үйгө таандык экени, ээси анын бошонуп чыгып буга чейин да кишилерге кол салганын танып жатканы жазылган.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы маалыматты тастыктады.

"29-сентябрь күнү райондук милиция бөлүмүнө Новопокровка айылынын 42 жаштагы тургуну кайрылып, кызын тиштеп салган иттин ээсине чара көрүүнү өтүнгөн. Элди сурамжылап жана соттук-медициналык экспертиза өткөргөндөн кийин тартип сакчылары кылмыш ишин козгоодон баш тарткан", — деп айтылат маалыматта.

Алабай 20 миң долларга сатылган. Бишкекте ит уруштан кантип акча табышат? - Sputnik Кыргызстан
Алабай 20 миң долларга сатылган. Бишкекте ит уруштан кантип акча табышат?
Милиция иттин ээси мындай кадамга атайылап барбаганы үчүн кылмыш ишин козгобой жатканын түшүндүрүп берген.

Ага карабастан ит талоо фактысы боюнча бардык материалдар Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматына жөнөтүлгөн. Эми административдик мүнөздөгү чара көрүлүп, иттин ээси айыпка жыгылышы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0