Бишкекте 16 жаштагы кыз ийне сайдыргандан кийин каза болуп калды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүИйне даярдап жаткан дарыгер. Архив
Ийне даярдап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуучу кыз дарыланып жаткан, үчүнчү күнү ийне сайгандан кийин 20 мүнөттөн соң каза болуп калган.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Бишкектеги №8 бейтапканадан ийне сайдырган 16 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

"Каргаша 1-сентябрда болгон. Окуучу кыз дарыланып жаткан, үчүнчү күнү ийне сайгандан кийин 20 мүнөттөн соң каза болуп калган", — дешти милициядан.

Бул окуя Свердлов РИИБинде каттоого алынып, бардык экспертиза дайындалып, тергөөгө чейинки иштер аткарылууда. Толук маалыматты ШИИБ кийин бере туранын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0