Россияда КР жаранын бутка атып, 5 млн. рублин карактап кетишти

© AFP / ALI AL-SAADI Тапанча кармаган адам. Архив
Тапанча кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча каракталган киши "Таганский ряд" соода комплексинде иштечү.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Екатеринбургда белгисиз үч киши кыргызстандык жаранды мылтык менен коркутуп, 5 миллион рубль салынган баштыгын тартып алышкан. Бул тууралуу "Новый день" маалымат сайты жазды.

Окуя 4-октябрда саат 17:30дар чамасында Крауль көчөсүндөгү банктын маңдайында болгон. Бейтааныш үч киши кыргызстандык жаранды банкка кирип келе жатканда бутка атып, андан кийин баштыгын алып качып кетишкен.

"Кол салгандар травматикалык тапанчадан 1992-жылы туулган кишиге бир нече ирет ок чыгарган. Расмий маалыматтар боюнча КР жараны эч бир жерде иштебейт", — деп Россия ИИМдин Свердлов облусу боюнча башкармалыгынын маалымат катчысы Валерий Горелых билдирген.

Анын айтымында, кылмышкерлер окуя болгон жерден жеңил автоунаага түшүп из жашырган.

Алдын ала маалымат боюнча каракталган киши "Таганский ряд" соода комплексинде соода кылчу. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0