Каракол шаарында айдоочу рулду башкара албай дубалды сүзүп, каза болду

© AFP / DAMIEN MEYER Соблюдение ПДД в Франции
Соблюдение ПДД в Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы 3-октябрда түнкү саат 1:30дар чамасында болгон.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Пржевальск жана Харьков көчөлөрүнүн кесилишинде Subaru Forester үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай үйдүн дубалын барып сүзгөн. Жол кырсыктан 32 жаштагы айдоочу каза болгон. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жол кырсыгы 3-октябрда түнкү саат 1:30дар чамасында болгон.

Кырсык болгон жерге куткаруучулар келип айдоочунун сөөгүн чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0