Атайын операция учурунда аткаминерлер пара алып жаткан жеринен кармалды

Жазылуу
Үч мекеменин иш бөлмөлөрүнөн ири суммадагы акчалар табылды.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. ИИМдин жана Аскер прокуратурасынын өкүлдөрү Ош ОИИБдин тез чара көрүүчү атайын даярдыктагы отрядынын колдоосу менен ишкерлерден пара алып жаткан жеринен Баткен облусунун аткаминерлерин кармады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Коррупция в КР - Sputnik Кыргызстан
Нарында депутат 15 миң сом пара алып жатып кармалды
Ага ылайык, Бажы менен чек ара кызматынын өкүлдөрү, ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлери Өзбекстандан чыккан жүк ташуучу автоунааларды чек арадан тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн ишкерлерден акча алып турушкан.

ИИМдин криминалдык кызматы тарабынан чогултулган материалдардын негизинде Аскер прокуратурасы Кылмыш жаза кодексинин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, пара талап кылуу жана пара алуу беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ага ылайык, 29-сентябрда төмөнкү кишилер кармалды:

— 1200 доллар алып жаткан жеринен Баткен облустук бажысынын ага инспектору Ж.Э.;

— 2000 сом алып жаткан жеринен "Кызыл-Кыя" көзөмөл өткөрүү пунктунун инспектору Д.М.;

— 1000 сом алып жаткан жеринен Мамлекеттик ветеринардык инспекциянын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башкы адиси Т.А.

Андан тышкары тинтүү учурунда Мамлекеттик бажы кызматынын иш бөлмөлөрүнөн 4 миң доллар, 4 000 сом, Ветеринардык инспекциянын ага инспекторунун бөлмөсүнөн 11 миң сом, Мамлекеттик чек ара кызматына тиешелүү иш бөлмөдөн 28 миң сом табылган. Акчанын бардыгы кылмыш ишинин материалдарына тиркелди.

Шектүү катары кармалгандар Ош ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0