БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Таласта жүк ташуучу КамАЗ унаасы өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Кырсык 25-сентябрь күнү саат 17.20да Кара-Буура районунун Сатке айылында болгон.
Цистернасында чайыр алып бара жаткан унаа өрт чыккан учурда токтоп турган. Жабыркагандар жок, өрттүн себеби аныкталып жатат.
Жалынды өчүрүү үчүн 101 кызматы чакырылган.