Бишкектеги аскер бөлүгүндө сержант катардагы жоокердин жаагын талкалай койгон

Жазылуу
Жабыркаган жоокерге тезинен медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда ал аскер госпиталында дарыланууда.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Бишкектеги №97632 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан сержант катардагы жоокердин жаагын талкалай койгонун КР Куралдуу күчтөрүнүн Абадан коргонуу күчтөрүнүн маалымат кызматы билдирди.

ЖК депутатын ташыган машинанын айдоочусу Sputnik журналистин жакалаган видеосу - Sputnik Кыргызстан
ЖК депутатын ташыган машинанын айдоочусу Sputnik журналистин жакалаган видеосу
Ага ылайык, окуя 22-сентябрда болуп, сержант менен катардагы жоокер айтыша кеткен. Сержант катардагы жоокерди чаап жиберип, анын жаагы сынган.

Жабыркаган жоокерге тезинен медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда ал аскер госпиталында дарыланууда.

Аталган факты боюнча кызматтык тергөө башталып, аскер бөлүгүндөгү кызмат адамдары тергөө учурунда иштен четтетилди.

Материалдар Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасына өткөрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0