"Хизб ут-Тахрир" уюмунун китептерин сактаган жаранга кылмыш иши козголду

Жазылуу
Укук коргоо органдары тарабынан алынган материалдар теологиялык экспертиза үчүн жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Атайын тинтүү учурунда "Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөсү делген 20 жаштагы кыргызстандыктын үйүнөн тыюу салынган экстремисттик мүнөздөгү адабияттар, брошюролор табылган. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, тинтүү аракеттери соттун уруксаты менен 20-июлда болгон.

Алынган материалдар теологиялык экспертизага жөнөтүлүп, аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 299-беренесинин 2-бөлүгү "Экстремисттик материалдарды чогултуу, жасоо, сактоо, жайылтуу жана экстремисттик уюмдун белгилерин билип туруп колдонуу" боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0