Ошто жер силкинди

© AP Photo / STRСлучаи землетрясение в Кыргызстане
Случаи землетрясение в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер силкинүү бүгүн, 22-сентябрда таңкы саат 04:57де болгон.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, жер силкинүү 22-сентябрда таңкы саат 04:57де болгон.

"Кара-Суу районунун Отуз-Адыр, Кашкар-Кыштак, Нариман, Кара-Суу айылдарында 3,5 балл, ал эми Мады, Каратай, Кызыл-Ордо айылдарында жана Ош шаарында жер титирөөнүн күчү 3 баллга чейин жеткен", — деп жазылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтар боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0