Өлкөнүн түштүгүндө сууга чөккөн эки окуучунун сөөгү табылды

© Фото / пресс-служба МЧС КРДарыя. Архив
Дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринин чөккөнүнө бир гана күн болсо, экинчиси дээрлик үч жумадан бери изделип жаткан.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Өлкөнүн түштүк аймагында сууга чөгүп кеткен эки өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Суучул издөө иштери учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сууга түшүп кеткен 4 жашар наристенин сөөгү бир жумадан кийин табылды
Каргашалуу окуялардын бири 18-сентябрь күнү саат 18.30дар чамасында Аксы районунун Кум айылында болгон. Анда 12 жаштагы окуучу мал кайтарып жүрүп Нарын дарыясына түшүп, агып кеткен.

Экинчи кырсык Ош облусунун Чалма айылында катталган. 29-август күнү Тар дарыясына чөгүп кеткен сегиз жашар баланы ӨКМдин куткаруучулары менен жакындары 20 күндөй издешкен.

Экөөнүн тең сөөгүн 19-сентябрь күнү куткаруучулар аталган дарыялардан таап, жакындарына өткөрүп беришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0