Сирияга кетүүгө камынып жүргөн 21 жаштагы кыргызстандык кармалды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүОглашение приговора Никите Тихонову
Оглашение приговора Никите Тихонову - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери башталды.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Сириядагы согуштук аракеттерге катышып, террордук актыларды даярдоо максатында жиберилген эл аралык террордук уюмдардын согушкерлеринин Кыргызстанга кирүүсүнө бөгөт коюу максатында улантылып жаткан контртеррористтик иш чаралардын алкагында 21 жаштагы Б.Ш. аттуу КР жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Экстремизм өңүтүндөгү адабияттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК: экстремизм жана терроризмди каржылоо үчүн сырттан акча келген учурлар бар
Ага ылайык, кармалган жаран акыркы жылдары жакынкы чет өлкөлөрдүн биринде болуп, эл аралык террордук уюмдун башчыларынын тапшырмасы менен согуштук аракеттерге катышуу үчүн Сирияга кеткени жатканы аныкталды.

Учурда кармалган жаранга Кылмыш-жаза кодексинин чет жакка барып согуштук аракеттерге катышуу жана улуттук, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0