08:28 16 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8381
  • EUR78.8821
  • RUB1.0512
Мадина базарындагы кездемелер сакталган кампадан чыккан өрт беш сааттан кийин чектөөгө алынып, учурда өрттү толугу менен өчүрүү аракеттери жүрүп жатат.

"Мадина" базарындагы бүгүнкү кырдаал. Өрттөнгөн кампанын сүрөтү

© Sputnik / Нурис Алымбаев
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
"Мадина" базарындагы өрт (8)
1020 0 0

Базардагы тилсиз жоо тууралуу өрт өчүрүү кызматына 14-сентябрда түнкү саат 22:53дө билдирүү түшкөн.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. "Мадина" базарындагы кездемелер сакталган кампадан чыккан өрт беш сааттан кийин чектөөгө алынып, учурда өрттү толугу менен өчүрүү аракеттери жүрүп жатат.

  • Мадина базарындагы кездемелер сакталган кампадан чыккан өрт беш сааттан кийин чектөөгө алынып, учурда өрттү толугу менен өчүрүү аракеттери жүрүп жатат
    "Мадина" базарындагы кездемелер сакталган кампадан чыккан өрт беш сааттан кийин чектөөгө алынып, учурда өрттү толугу менен өчүрүү аракеттери жүрүп жатат
    © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
  • Өрттөнгөн кампанын тегерек чети курчоого алынып, базардын күзөтчүлөрү чоочун кишилерди өткөрбөй кайтарып турат
    Өрттөнгөн кампанын тегерек чети курчоого алынып, базардын күзөтчүлөрү чоочун кишилерди өткөрбөй кайтарып турат
    © Sputnik / Нурис Алымбаев
  • Sputnik Кыргызстан агенттигиинин кабарчылары барганда күзөтчүлөр ичинде иликтөө иштери бүтмөйүнчө эч ким киргизилбей турганын айтышты.
    Sputnik Кыргызстан агенттигиинин кабарчылары барганда күзөтчүлөр ичинде иликтөө иштери бүтмөйүнчө эч ким киргизилбей турганын айтышты.
    © Sputnik / Нурис Алымбаев
1 / 3
© фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
"Мадина" базарындагы кездемелер сакталган кампадан чыккан өрт беш сааттан кийин чектөөгө алынып, учурда өрттү толугу менен өчүрүү аракеттери жүрүп жатат

Өрттөнгөн кампанын тегерек чети курчоого алынып, базардын күзөтчүлөрү чоочун кишилерди өткөрбөй кайтарып турат. Sputnik Кыргызстан агенттигиинин кабарчылары барганда күзөтчүлөр ичинде иликтөө иштери бүтмөйүнчө эч ким киргизилбей турганын айтышты. Ал эми базардын жетекчилигинен комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Очевидцы на месте пожара на рынке Мадина в Бишкеке
© фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
Соодагерлер тегерек четтеги күйгөндөн калган товарларын ташып чыгышууда. Азырынча кимдин канча чыгым тартканы жана тилсиз жоонун эмнеден келип чыкканы белгисиз. Күбөлөрдүн айтымына караганда кампанын ичи толугу менен күйүп кеткен.

Базардын кызматкерлери бүгүн таңда адаттагыдай эле эшигин ачып кадыресе иш алып барууда. Күйгөн кампа базардын түндүк тарабында жайгашкан болчу.

Белгилей кетсек, "Мадина" базарындагы өрт 14-сентябрда түнкү саат 22.53дө башталган. Жеринде алты өрт өчүрүүчү унаа жана Суу чарба башкармалыгынын төрт техникасы иштеп саат 04.07де чектөөгө алынган. Жалын 1500 чарчы метр аянтты жалмаганы маалым болду. Өрт кездемелер сакталган кампадан чыккан.

Жүрөк үшүн алган кырсыкты Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары жеринен тартып алган.

Тема:
"Мадина" базарындагы өрт (8)

Тема боюнча

"Мадина" базарынын кайсы жери өрттөнгөнү белгилүү болду
“Мадина” базарындагы өрт күч алды. Видео
Белгилер:
соодагер, Өрт, Мадина базары
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ