Ысык-Көлдө жер титиреди

© AP Photo / STRСейсмограф. Архив
Сейсмограф. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жердин силкингени Тоңдун айылдарында сезилген.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун аймагында таңкы саат 4.15те жер титирегенин ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, силкинүүнүн күчү очогунда 4 баллга жеткен. Жердин титирегени Тоң районунун Туура-Суу, Темир-Канат, Бөкөнбаев, Төрт-Күл, Кажы-Сай, Тогуз-Булак, Тамга жана Дөң-Талаа айылдарында сезилген.

Такталган маалымат боюнча силкинүүдөн эч ким жабыр тарткан эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0