Тергөө абагына дагы бир гинеколог түштү. Бала саткандар тууралуу жаңы маалымат

© AFP / ALEXANDER NEMENOV Суд над членом женской панк-группы Pussy Riot
Суд над членом женской панк-группы Pussy Riot - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлер мыйзамсыз аборт жасап, көз жарууга ылайыксыз жерде төрөт кабыл алышкан да ымыркайларды сатып келишкен.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Бүгүнкү күндө бала сатууга шектелип тергөө абагына түшкөн акушер-гинекологдордун саны төрткө жетти.

Маалыматка ылайык, буга байланыштуу үч кылмыш иши козголду.

Буга чейин Криминалдык милиция кызматкерлери бала сатуу фактысы боюнча шектелип эки гинекологду кармаганы айтылган. Кийинчерээк биринин унаасынан бойдон алынган ымыркайлардын сөөгү табылган.

Андан соң укук коргоо органдарындагы булак бала сатуу боюнча козголгон кылмыш ишинде сегиз кишинин аты айтылып жатканын маалымдаган.

"Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында ар кыл медициналык мекемелерде иштеген бир нече акушер-гинеколог бойдон алдырууга уруксат берилген мөөнөттөн өткөрүп аборт жасап келгени аныкталды. Мындан тышкары, бул топ көз жарууга ылайыксыз жерде төрөт кабыл алып, андан соң ымыркайларды сатуу менен алектенишкен", — деп айтылат билдирүүдө.

Беременная женщина - Sputnik Кыргызстан
Түйүлдүк "өзү эле" түшүп калышы мүмкүн. Министрлик Таластагы окуя боюнча үн катты
Мындан тышкары, ИИМ бүгүнкү күндө дагы бир нече шектүүнү текшерүү иштери жүрүп жатканын маалымдады. Ал эми тергөө абагында отурган төрт шектүүнүн үстүнөн Кылмыш жаза кодексинин 124 (Адам сатуу), 116 (Мыйзамсыз аборт жасоо) жана 350 (Документтерди жасалмалоо, даярдоо) беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ал эми шектүүлөрдүн биринин унаасынан ымыркайлардын сөөгү табылды деген маалыматты ИИМ тастыктаган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0