Баңгизат саткан майыптар, тонолгон Илимдер академиясы. 90-жылдардагы кылмыштар

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүБаңгизат. Архив
Баңгизат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги 25 жыл мурун сентябрь айында өлкө аймагында болгон кылмыштуу иштерди сунуштайт.

Алардын арасында Россияга түлкүнүн 634 терисин мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылган аткезчилердин, чет өлкөгө баңгизат сатып күн көргөн майыптардын жана аскер комиссариатынан 13 тапанчаны ок-дарысы менен жула качкан жигиттин окуясы бар.

Таяк жеген милиционер. Түн ортосунда эки жаш жигит Бишкек шаарындагы Чүй менен Манас проспектилеринин кесилишинде милиция кызматкерин катуу сабашкан. Анысы аз келгенсип, тартип сакчысынын тапанчасын тартып алып из жашырып кеткен.

Аскер комиссариатына кол салган жигит. Түндө 21 жаштагы жигит аскер комиссариатынын бирине кол салган. Ал кароолчуга күч колдонуп, сейфте сакталган Макаров үлгүсүндөгү 13 тапанчаны ок-дарысы менен алып кеткен. Бул окуядан соң Бишкек шаары курчоого алынып, милиция, чекисттер биргеликте иштеген. Шектүүнү кармоого 15 саат убакыт сарпталып, аны досунун батиринен курал-жарагы менен колго түшүрүшкөн. Кызыгы, кылмыш кылган жаран пенсияга чыккан милициянын майорунун баласы болгон.

Дүлөй кылмышкерлер. Беш адамдан турган топтун мүчөлөрү 30 килограмм нашаа менен колго түшүрүлгөн. Кыргызстандык жана россиялык кызматкерлер аталган фактыга чейин да Кара-Балтада 28 килограмм баңгизат тапкан. Анда мыйзамсыз иштер менен алектенген адамдардын дүлөй экени аныкталып, тыюу салынган затты Россияга өткөрүп күн кечирип келгени белгилүү болгон.

Түлкүнүн 634 териси. Борбор калаадагы ишканалардын биринин директору менен анын орун басарын милиционерлер аткезчиликке айыптап кармаган. Кылмышка шектүү жарандар түлкүнүн 634 даана терисин жана 2,5 тонна кесмени мыйзамсыз Россияга өткөрүүгө бел байлаган. Декларацияланбаган 20 миллион сомдук товардын чоо-жайын УКМК өз көзөмөлүнө алган.

Тонолгон академия. Уурулар Улуттук илимдер академиясынын Биохимия жана физиология институтуна дубалын талкалап кирип, 1500 литрден ашык бензин уурдашкан. Күйүүчү майга байланыштуу мындай окуя илимий мекемеде байма-бай катталып келген.

Өтүп кеткен айдагы сот чечимдери жөнүндө материалды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0