Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты

Жазылуу
Кырдаал Кыргызстандын Чек ара кызматынын көзөмөлүндө.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Баткен районунун кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Бакай айылынын тургундары менен Исфара районунун Тожикон айылынын жашоочулары ортосунда чыр чыкканын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ага тажикстандыктардын суу түтүгүн өткөрүү аракети себеп болгон. Аталган аймак такталбаган тилкеге киргендиктен чарба иштерине тыюу салынган. Коңшу мамлекеттин жашоочуларынын аракети кыргызстандыктардын нааразычылыгын жараткан. Жумуштарды токтотуу талабы аткарылбай, эки тарап кайым айтыша кеткен.

"Ошол эле күнү Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жетекчилиги тажикстандык кесиптештери менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө макулдашышкан. Ушу тапта Баткен району менен Исфара районунун акимдери эл менен жолугууда. Сүйлөшүүлөр облус жетекчилеринин деңгээлинде жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Чек ара кызматы кырдаалды көзөмөлдөп турат. Баткен облусунда кызмат өтөгөн чек арачылар күчөтүлгөн тартипке өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0