Бишкектеги курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү

Жазылуу
Министрлик окуядан эч ким жабыркабаганын айтты.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Бишкекте Ажыбек баатыр көчөсүндө жаңы курулуп жаткан үйдөн чыккан өрт өчүрүлгөнүн ӨКМ билдирди.

Эскерте кетсек, кырсык тууралуу маалымат социалдык тармакка жарыяланып, видеосу тараган.

ӨКМ өрткө үйдүн 10-кабатындагы таштанды себеп болгонун белгиледи. Бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 17.55те толугу менен өчүрүлгөн. Министрлик окуядан эч ким жабыркабаганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0