Бишкекте эки кыздын бөйрөксүз сөөгү табылдыбы? Милициянын жообу

© AFP / QUENTIN TYBERGHIEN Японский университет судебной медицины Чиба
Японский университет судебной медицины Чиба - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билдирүүдө Кыргызстанда жок айыл туурасында айтылып жатканы менен Бишкекте ата-энелер катуу талкууга алууда.

БИШКЕК, 13-сент. — Sputnik. Борбор калаада эки кыздын бөйрөксүз сөөгү табылды деген билдирүү — фейк акканттун маалыматы. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан Sputnik Кыргызстан агенттигине кабарлашты.

Учурда Whatsapp-топтордо төмөнкүдөй спам-кабар таркап жатат.

"6-8 жаштагы эки кыздын бөйрөксүз сөөгүн жолдун четинен табышкан. Ар бири колуна 50 миң рублден кармаган тейде жатыптыр. Балдарыңарды жакшылап карагылачы, көчөгө жалгыз-жарым чыгарбагыла", — деп айтылган.

Билдирүүгө аудио тиркелип, анда эркектин үнү бул маалымат тартип коргоо органдарынан түшкөн деп жатканын угууга болот.

Бычак кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кыргызстанда киши жегичтер адамга кол салды". Билдирүүнү тактап алчу 5 эреже
Анда Кыргызстанда жок айыл туурасында айтылып жатканы менен Бишкекте ата-энелер катуу талкууга алууда.

Ички иштер министрлиги таратылган бул кабардын Кыргызстанга тиешеси жоктугун айтты.

Фейк жаңылыктар коомчулукту дүрбөлөңгө салган учурлар аз эмес. Бул дүйнөнүн бардык жеринде кездешет. Маселен, Малайзия өкмөтү "фейк жаңылыктар" менен күрөшүү үчүн мыйзам долбоорун парламентке сунуштады. Ага ылайык, жалган маалымат тараткандарга айып салынат, же 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралганы жазылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0