Быйыл 36 чет элдик депортацияланды. УКМКнын түшүндүрмөсү

Жазылуу
Мындан сырткары, 51 сайт экстремисттик маанайда экени айтылып, 16сы соттун чечими менен жабылган.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Быйыл жыл башынан бери терроризм жана экстремизмге шектелген 36 чет элдик жаран депортацияланганын парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында атайын кызматтын өкүлү билдирди.

Андан сырткары, жыл башынан бери 157 жаран террористик уюмдарга байланышы бар деп аныкталып, 34 жарандын аракетине бөгөт коюлган. Ошондой эле 121 жаран экстремисттик уюмдарга байланышы бар деп аныкталганы маалымдалды.

"2018-жылдын жарым жылдыгында эл аралык террордук жана диний-экстремисттик уюмдарга тиешеси бар деп 43 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган", — деди өкүл.

Өз кезегинде ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов экстремизм менен ИИМдин 10-башкармалыгы күрөшөрүн айтты. Ал белгилегендей, сегиз айдын ичинде 418 факты катталып, бүгүнкү күндө 234 факты боюнча кылмыш иши козголгон. Беш сайтка түрдүү кылмыш иштери козголуп, 2 факты боюнча сотко жиберилген. Андан башка 51 сайт экстремисттик маанайда деп аныкталып, 16 сайт соттун чечими менен жабылган.

Экстремизм өңүтүндөгү адабияттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК: экстремизм жана терроризмди каржылоо үчүн сырттан акча келген учурлар бар
Талкуунун жүрүшүндө депутат Аида Касымалиева "Таблиги жамаат" Кыргызстанда тыюу салынбаганын, андыктан бул уюмга мүчө делген КР жарандары чет жакта кармалып калса кандай чаралар көрүлөрүн сурады.

УКМКнын төрагасынын орун басары Асылбек Кожобеков өз учурунда Кыргызстан эч кандай чара көрө албай тургандыгын билдирип, учурда Россия менен Казакстанда "Таблиги жамааттын" мүчөсү делип кармалган КР жарандары бар экенин айтты.

Ал эми ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Кыргызстандын жарандары уюм тыюу салынган мамлекетте кармалып калса, ошол мамлекеттин мыйзамы менен жоопко тартыларын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0