Москвада унаага тебеленген кыргызстандыктар: элчилик эмне дейт?

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүПолиция автоунаасы. Архив
Полиция автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуяга шектүү катары 21 жаштагы жаран кармалган.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Москвада унаага тебелетилген кыргызстандыктар боюнча Кыргызстандын элчилиги маалыматтарды тактап жатат. Бул тууралуу элчиликтин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

"Учурда расмий органдар жана Москвадагы мекендештер менен байланыштабыз. Так маалыматтар болору менен кабарлайбыз", — деди Байымбетова.

Эске салсак, бүгүн эртең менен саат алтыларда (МСК убактысы) Москванын Новочеркасский бульварында өзүнүн бир нече мекендешин унаа менен койдуруп кетти деп шектелип, 21 жаштагы Бекжан С. аттуу жаран кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0