Бишкекте милициянын унаасы менен кагышкан авто аласалды. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота сотрудников ДПС в Кыргызстане
Работа сотрудников ДПС в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктын видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бишкекте милициянын автоунаасы менен кагышкан жеңил машина аласалып кетти. Бул тууралуу активист Максим Золотых Facebook баракчасына жарыялады.

Бишкек ШИИБдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол кырсыгы болгонун тастыктады.

"Кырсык ишемби күнү, 8-сентябрда саат 9:00дөр чамасында Панфилов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде болуп, милициянын кызматтык автоунаасы менен Mitsubishi үлгүсүндөгү жеңил авто кагышкан", — деп милициядан билдиришти.

Жол кырсыгынан эч ким жаракат алган эмес. Эки автоунаа тең айып короого токтотулуп, материалдар тергөө органына берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0