Ошто ымыркай көтөргөн аял төртүнчү кабаттан кулап кетти

© AFP / PHILIPPE HUGUENРодильный дом на севере Франции
Родильный дом на севере Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаракат алган эне-баланы Тез жардам кызматы алып кетти.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Ош шаарынын Черемушки кичи районунда ымыркай көтөргөн аял төртүнчү кабаттан кулап кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысына күбөлөр билдирди.

Алардын айтымында, окуя бүгүн, 6-сентябрда саат 17:00дөр чамасында болгон. Аман калган эне-баланы Тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен.

Учурда аталган факты боюнча Ош милициясы териштирүү жүргүзүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0