Филармониядан өрт чыкты. Видео

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуТоктогул Сатылганов атындагы филармониядагы өрт
Токтогул Сатылганов атындагы филармониядагы өрт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрттү өчүрүүгө беш унаа жөнөп кетти.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Филармониянын жогорку кабатынан кара түтүн чыгып жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.

Өрт чыкканы тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы дагы ырастады.

"Чүй проспектисинде жайгашкан Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда өрт чыкканы тууралуу маалымат түшүп, саат 12:26 да беш унаа жөнөтүлгөн", — деп маалымат кызматы билдирди.

Кырсык болгон жерде милиция кызматкерлери да иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0