Ош: ымыркайын тумчуктуруп өлтүрмөк болгон келин 12,5 жылга кесилди

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүСот залындагы аял. Архив
Сот залындагы аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош: ымыркайын тумчуктуруп өлтүрмөк болгон келин 12 жылга кесилди

ОШ, 29-авг. – Sputnik. Ош шаарында бала бакчалардын биринде өзүнүн 1 жаш 4 айлык баласын жаздык менен тумчуктурууга аракет жасаган 26 жаштагы келин 12 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош шаардык сотунун маалымат кызматы билдирди.

Фабрика мела на окраине Мазари-Шарифа. Афганистан - Sputnik Кыргызстан
Аялын күрөк менен башка чаап, сөөгүн кыкка көөмп салган. Июндагы соттук чечимдер
Эске сала кетсек, 2018-жылдын 19-июнунда калаадагы бала бакчалардын биринде 26 жаштагы келин ымыркайын жаздык менен тумчуктурууга аракет жасаган. Наристе бала бакчанын кызматкерлери тарабынан куткарылган.

Шаардык милициянын берген маалыматына ылайык, кылмышка шектелген аял 48 саатка камакка алынып, Кылмыш жаза кодексинин 28 жана 97-беренелеринин (адам өлтүрүүгө аракет жасоо жана адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Келин мындай кадамга турмуштук шарты себеп болгонун айтып берген. Жакындары каралашпай, күйөөсү менен ажырашып кеткенин, жокчулуктан кыйналганын жүйө келтирген. Ал алгач уулун, андан соң өзүн өзү өлтүрүүнү пландаштырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0