Бишкекте кылмышкерлерди кармоо учурунда милиционер бычак жеди. Сүрөт

Жазылуу
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин үч беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Борбор калаадагы Октябрь РИИБинин кызматкерлери Көк-Жар конушунун жашоочусун тоноого даярданып жаткан делген төрт адамды колго түшүрдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, жаран белгисиз адамдар бир нече күндөн бери анын үйүнө көз салып жүргөндөргө каршы чара көрүүнү өтүнүп милицияга кайрылган. 

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаШектүүнүн жанынан тапанча менен бычак табылган
Приготовление к разбойному нападению на дом жителя жилмассива Кок-Жар - Sputnik Кыргызстан
Шектүүнүн жанынан тапанча менен бычак табылган

"Октябрь РИИБинин Криминалдык милиция кызматынын өкүлдөрү шектүүлөрдүн автоунаасын аныктаган. Анын негизинде 28 жаштагы Өзбекстандын жаранын колго түшүрүшкөн. Шектүүнүн жанынан тапанча менен бычак табылган", — деп жазылат маалыматта.

Анын көрсөтмөсүнүн негизинде укук коргоочулар Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жашынып жүргөн шериктерин колго түшүргөн. Ошол маалда шектүүлөр катуу каршылык көрсөтүп, бир милиционер бычак жеген. Ага медициналык жардам көрсөтүлүп, абалы туруктуу. 

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаШектүүлөр
Подозреваемые в приготовлении к разбойному нападению на дом жителя жилмассива Кок-Жар - Sputnik Кыргызстан
Шектүүлөр

Шектүүлөр Бишкек шаарында жашаган 31 жаштагы Р.Б, 40 жаштагы К.М жана 26 жаштагы Н.К аттуу адамдар.

Бычак кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бирөөнүн аялы менен жүрбө! Сузакта өз унаасында бычакталган киши
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 28-168 (талап-тоноочулукка даярдануу), 341 (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) жана 341-беренеси (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Шектүүлөр кармалган соң, алардын биринин ата-энеси баласына милиция кызматкерлери күч колдонгондуктан, баш мээси чайкалып ооруканада жатканын айтып арыз жазышкан. Учурда бул боюнча шаардык милициянын ички тергөө кызматы иликтөө жүргүзүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0