Жээнбековду сөккөн кишинин кечирим сураган видеосу. Чын жүрөктөн убада берем!

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКармалган киши. Архивдик сүрөт
Кармалган киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сооронбай Шарипович, бизден кеткен күнөөгө көңүл бурбаңыз. Анткени сиздин деле бизге окшогон балдарыңыз, неберелериңиз бар деген ал камерага сүйлөп жатып.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбековду тилдеп, мазактаган адам мамлекет башчыдан кечирим сураган видеосу социалдык тармакка тарады.

Мындай видео социалдык тармакка 17-августта чыгып кеткен. УКМК менен ИИМдин кызматкерлери Бостери айылындагы пансионаттардын биринен ал адамды ошол эле күнү кечки саат 10дордо кармаган.

Эми анын мамлекет башчыдан кечирим сураган кишинин видеосу тарады.

"Урматтуу мекендештер, азыр туруп бир ой келди. Жашоодо ката кетире беребизби депчи. Бул жашоодо кетирген катам, ойго келбеген, кыргыз эли сыйлаган Сооронбай Шариповичти кичине сүйлөп кеттим. Аны мойнума алам. Аны кылбай эле коеюн, силер деле кылбагыла.

Мэр города Балыкчи Алмаз Мамбетов - Sputnik Кыргызстан
Балыкчы мэри Мамбетовдун Facebook баракчасы талкаландыбы? Мэрия эмне дейт
Урматтуу Сооронбай Шарипович, бизден кеткен күнөөгө көңүл бурбаңыз. Анткени сиздин деле бизге окшогон балдарыңыз, неберелериңиз бар. Алар деле ката кетирет. Тем не менее, мындан ары ката кетирбөөгө сизге чын жүрөктөн убадамды берем", — деп сүйлөгөн ал видеодо.

ИИМден кармалган адам 28 жашта экендигин жана Бишкектин тургуну экендиги аныкталды. Учурда ал убактылуу кармоо жайына киргизилген. Ата-энесинин айтымында, психоневрологиялык диспансерде каттоодо турат.

Ал жаранга карата Кылмыш кодексинин 246-беренсинин негизинде иш козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0