Өзүн милиционер катары тааныштырып элден акча алып жүргөн киши кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКоррупция в государственных службах
Коррупция в государственных службах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү жабырлануучунун ишенимине кирүү менен акчасын алып, изин жашырган.

БИШКЕК, 17-авг.— Sputnik. Криминалдык милициянын ыкчам кызматкерлери өзүн милиционермин деп тааныштырып элден алдамчылык жол менен акча алып жүргөн шектүүнү колго түшүрдү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, буга чейин милицияга 20 жаштагы жаран кайрылган. Ал өз арызында ушул жылдын май айында белгисиз киши өзүн милиция кызматкери катары тааныштырып, анын ишенимине кирүү менен 1000 долларын алып кеткенин билдирген. Шектүү жарандын маселесин оң жакка чечип берүүнү убадалаган. 

© Фото / пресс-служба МВД КРПодозреваемый в мошенничестве
Подозреваемый в мошенничестве - Sputnik Кыргызстан
Подозреваемый в мошенничестве

Окуяга карата Кылмыш жаза кодексинин 166-беренесинин экинчи бөлүгү (алдамчылык, ири көлөмдө бирөөнүн мүлкүнө ээлик кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бишкек шаары менен Чүй облусунун ыкчам издөө бөлүмүнүн кызматкерлери издөө иштерин жүргүзгөн. Жыйынтыгында 29 жаштагы К. Ж аттуу Бишкектин тургунун колго түшүргөн.

"Кармалган адам укук коргоо органына эч кандай тиешеси жок. Аны Бишкек ШИИБинин тергөөчүсүнө өткөрүп бердик. Азыр анын мындан башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу такталууда", — деп жазылат маалыматта.

ИИМ ушул сыяктуу окуяга туш болгондорду (0312) 26-63-21, (0555) 36-50-01, (0701) 75-85-75 телефондору аркылуу кайрылууга чакырат

Жаңылыктар түрмөгү
0