Милициянын автоунаасы ала салып кетти. Бишкекке жакын жердеги видео, фото

© Sputnik / Табылды КадырбековКызматтык унаадагы милиция кызматкери. Архив
Кызматтык унаадагы милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктаган автоунаа Талас облустук милициясына таандык экендиги айтылды.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Сокулук районунда кырсыктаган автоунаа милиция кызматына таандык экендигин активист Болот Ибрагимов Sputnik Кыргызстанга билдирди.

Жол кырсыктын видеосун ал Instagram тармагына жүктөгөн. Автордун айтымында,  окуя 17-августта саат түшкү үчтөр чамасында болгон.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоочу башкы башкармалыктын Чүй облустук бөлүмүнөн жол кырсык болгондугун тастыкташты.

© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуДТП с милицейской машиной в Сокулуке
ДТП с милицейской машиной в Сокулуке  - Sputnik Кыргызстан
ДТП с милицейской машиной в Сокулуке

"Автоунаа Талас облустук милициясына таандык экен. Ал Бишкектен кетип бара жатканда автоунаа бузук болгондуктан, айдоочу рулга ээ боло албай калып, ала салып кетиптир", — деп айтышты аталган башкармалыктын маалымат кызматынан.

Алар жол кырсыктан эч ким жабыркабагандыгын кошумчалашты.

Бишкекте 17-августта маршуртканын айдоочусу 9 жашар баланы койдуруп, тебелеп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0